БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө дагы 488 адамдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек шаары – 265;
- Чүй облусу - 37;
- Ош шаары - 45;
- Ош облусу - 26;
- Жалал-Абад облусу - 51;
- Баткен облусу - 43;
- Ысык-Көл облусу - 15;
- Нарын облусу - 4;
- Талас облусу - 2.
Ушуну менен республика боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны 11 117ге жетти.