Кайра жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүАял кол чатыр менен жамгыр учурунда. Архив
Аял кол чатыр менен жамгыр учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жумада аба ырайы туруксуз болот. Кээ бир жерлерде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал. Апта аяктап калганда абанын температурасы жогорулай турганы айтылды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Билдирмеге караганда, бул жумада аба ырайы туруксуз болот. Кээ бир жерлерде күн күркүрөп, жаан жаашы ыктымал.

12-июль түнкүсүн Талас облусу менен Бишкек шаарынан башка аймактарда өткүн өтүп, жаан жаайт.

13-июлда Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарында күн ачылат.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

14-июлда Ысык-Көл, Нарындын кээ бир жерлерине, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы божомолдонууда.

Ал эми 15-16-июлда өлкөнүн дээрлик бардык облустарында күн ачык болуп, абанын температурасы +35...+36 градуска чейин ысышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0