Акыркы суткада коронавирус 7 адамдын өмүрүн алды

© REUTERS / PABLO SANHUEZAМедицина кызматкерлери ооруканада
Медицина кызматкерлери ооруканада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 99га жетти. Көз жумган бейтаптардын ичинен айрымдарынын өнөкөт оорулары болгон.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын ичинен жети адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алып каза болгондордун ичинен экөө медицина кызматкери. Анын бири 58 жаштагы медик Ош облустар аралык ооруканасынан көз жумган. Ал эми экинчиси Ысык-Көл облусунда дарыгер-педиатр болуп иштечү. Каза болгон медик 61 жашта эле.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

Мындан сырткары, коронавирустан Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк ооруканасынан 85 жаштагы карыя, Ошто 79 жаштагы киши, Жалал-Абад облустук ооруканасынан 58 жаштагы эркек, Таласта 61 жаштагы киши, Жайыл аймактык ооруканасынан 57 жаштагы адам каза болгон.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 99га жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0