Бишкекте ачылган күндүзгү стационарга өткөн суткада 1 734 адам кайрылган

© пресс-служба мэрии города БишкекОрганизация дневных стационаров в спортзалах Бишкека
Организация дневных стационаров в спортзалах Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дарыгерлер жеңил жана орточо оор абалда келген шаардыктарга керектүү медициналык жардам берип жатышат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Борбор калаада ачылган күндүзгү стационардык төрт борборго өткөн суткада 1 734 адам кайрылгандыгын Республикалык штабдан билдиришти.

Учурда ал жерде медиктер жеңил жана орточо оор абал менен келгендерге керектүү медициналык жардам берип жатышат.

Борборлор саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштешет.

Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Биринчи Май району (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу) - тел: 0 550 03-73-12

150 орун даярдалып, жалпы 587 адам кайрылган. Алардын ичинен 570и асма укол жана тийиштүү медициналык жардам алса, 14 бейтапка кеңеш берилген. Үч адам стационарга жаткырылды.

Ленин району ("Газпром" Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси) - тел: 0 550 04-43-12

90 орун даярдалып, жалпы 362 адам кайрылган, бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Свердлов району (Раатбек Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси) - тел: 0 550 04-23-12

150 орун даярдалып, жалпы 265 адам кайрылган. Алардын ичинен 122 бейтап асма укол жана тийиштүү медициналык жардам алса, 140 кишиге кеңеш берилди. Бир адам стационарга жаткырылып, тилекке каршы, эки киши каза болду.

"Ганси" базасында реанимациялык блок ачылды

Октябрь району (12-кичи райондогу чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты) - тел: 0 550 03-93-12

140 орун даярдалып, жалпы 520 адам кайрылган. 503 киши асма укол жана тийиштүү медициналык жардам алып, 14 кишиге кеп-кеңеш берилген. Эки адам стационарга жаткырылса, бир бейтап көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0