Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди

© Фото / пресс-служба МИД КРДоставка около 1 500 кислородных концентраторов из Турции и КНР в Бишкек
Доставка около 1 500 кислородных концентраторов из Турции и КНР в Бишкек  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга кыргыз-түрк бизнес коомчулугу жана Түркиянын КРдеги элчилиги жардам иретинде алып келип берген.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Бишкекке Түркиядан 1 000 даана кычкылтек концентратору алып келингенин билдирди.

Маалыматка караганда, бул аппараттарды Түркиянын КРдеги элчилиги, Кыргызстанда иштеген түрк бизнесмендеринин ассоциациясы жана Түркиядан билим алган кыргызстандыктар, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес коомчулугу алып берген. Аталган жүк кечээ, 5-июлда, кечинде Бишкекке учак менен жеткирилген.

“Жабдуулардын белгилүү бир бөлүгү Түркия тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилет. Калганын аппаратка муктаж болуп жаткан үй-бүлөлөргө жеткирип беришет”, — деп айтылат малыматта.

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги жогоруда аты аталган бизнес коомчулугуна жана Түркиянын КРдеги элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазчылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0