Генерал-майор, ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары кайтыш болду

Жазылуу
Ал 1980-жылдан бери укук коргоо органдарында эмгектенип, 2008-2010-жылдары ички иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев
Генерал-майор, ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары кайтыш болду - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев

Билдирүүгө ылайык, милициянын генерал-майору 66 жашта болгон. Ал узак жылдар бою укук коргоо органдарында иштеген.

"Министрликтин жетекчилиги, өздүк курамы, коллегия мүчөлөрү, генералдар клубу, ардагерлер кеңеши Сабырбек Курманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Милициянын генерал-майорун акыркы сапарга узатуу зыйнаты Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Доктурбек Курманалиев айылында өтөт", — деп жазылган маалыматта.

Чыныгы жетекчи болчу! Подполковник Олег Запольскийге жазылган ИИМдин некрологу

Сабырбек Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун инженер-курулушчу адистиги боюнча бүтүрүп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин 1992-жылы аяктаган. Ал 1980-жылдан бери укук коргоо органдарында эмгектенип, 2008-2010-жылдары ички иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.

Маалыматта Сабырбек Курманалиевдин эмнеден каза болгону айтылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0