Колдоп-коштоп... Баткенден 20 ак халатчан Бишкекке жөнөп кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиБаткен облусунан 20 медицина кызматкери Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти
Баткен облусунан 20 медицина кызматкери Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак халатчандар облустун бардык ооруканаларынан чогулушту. Алардын ичинде медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келгендер бар.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Баткен облусунан 20 медицина кызматкери Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиОтправка двадцати врачей из Баткенской области в Бишкек
Баткен облусунан 20 медицина кызматкери Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен облусунан 20 медицина кызматкери Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиОтправка двадцати врачей из Баткенской области в Бишкек
Алардын ичинде медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келгендер да бар. Ак халатчандар облустун бардык ооруканаларынан чогулушту. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Алардын ичинде медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келгендер да бар. Ак халатчандар облустун бардык ооруканаларынан чогулушту.
1/2
Баткен облусунан 20 медицина кызматкери Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти
2/2
Алардын ичинде медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келгендер да бар. Ак халатчандар облустун бардык ооруканаларынан чогулушту.

Билдирүүгө ылайык, алардын ичинде медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келгендер да бар. Ак халатчандар облустун бардык ооруканаларынан чогулушту.

Дарыгерлерди өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басарлары Жаркынбек Максутов менен Чынар Саттарова узатып, бекем ден соолук, күч-кубат каалап, ыраазычылыктарын билдиришкен.

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

Буга чейин Республикалык штабдын жыйынында өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгер Бишкектеги ак халатчандарга көмөк көрсөтөрүн айткан болчу. Учурда облустардан медиктер борборго келип жатат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 6 767 киши коронавирус жуктуруп алган. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда экени айтылды.

Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз. 

Жаңылыктар түрмөгү
0