11:23 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1843)
124010

Калаа башчысы тыюу салынганына карабай массалык иш-чараларды, тойлорду өткөргөндөр аныкталганын жана аларга айып салынып, убактылуу жабылып жатканына токтолду.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу элге кайрылуу жасады.

Бишкек медиктерге муктаж! Мэрия дарыгерлердин жардамга келишин суранууда

Мэр бүгүнкү күндө калаада COVID-19 жуктургандардын саны 650 адамга жетип, сегиз бейтап каза болгонун эске салды. 

Ошондой эле ал тыюу салынганына карабай массалык иш-чараларды, тойлорду өткөргөндөр аныкталганын жана аларга айып салынып, убактылуу жабылып жатканын белгиледи. 

“Дарыгерлер койгон талаптарды аткарыңыздар. Бул өзүңүздүн, үй-бүлөңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап жаткан менен барабар экенин сезиңиз. Коомдук жайларда бет кап тагынууну унутпаңыздар. Ош шаарындагы ооруканаларда орундар жетиштүү. Бирок алдын алуу максатында даярдалган орундар бейтаптар менен толушун каалабайбыз”, — деп кайрылды Сарыбашов.

Боронов Кыргызстандын азыркы эпидемиялык абалга жеткен себебин айтты

Мындан сырткары, калаа башчысы негизсиз көчөгө чыгууну токтотуп, жоопкерчилик, тазалык жана талаптарды аткаруу менен илдетти жеңүүгө болорун айтты. Ошону менен катар дарыгерлердин, укук коргоо органдарынын эмгегин сыйлоого чакырды.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1843)

Тема боюнча

Ошто COVID-19 кооптуулугунан улам милиция 20 тилемчини кармады
Белгилер:
эл, кайрылуу, Таалайбек Сарыбашев, мэр, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ