00:04 13 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Коом
Кыскача шилтеме алуу
709 0 0

Пандемия маалында жарандарга ишкердик баштоо эмес, жумуш табуу да кыйын болуп калды. Антсе да эл арасында аракети жана жөндөмү менен ийгилик жаратып жаткандар арбын.

Көзү дартка чалдыгып көрбөй калса да, бирөөдөн жардам күтүп отурууну жактырбаган каарманыбыз Матлюба учурда пельмень чыгаруучу чакан цех иштетүүдө.

Көзүнүн көрбөй калганына моюн сунуп, чүнчүп кетпестен жаңы жашоону өздөштүрүүгө бет алган Матлюба Хакимова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек даярдаган.

— Азыр пельмень чыгарган чакан цех иштетип жатыпсыз. Буга кандайча жетиштиңиз?

— Ооба, быйылтан баштап өз алдымча чакан ишкердик менен алектене баштадым. Буга чет элдик кайрымдуулук фонддон жардам беришти. Негизги кесибим мугалим. Бирөөгө көз каранды болбош үчүн жасаган аракетимдин аркасынан өз алдынча болууга жетиштим деп ойлойм. Мурда жакындарыман акча суроого туура келчү. Ишкердикти жакшы эле баштагам, ортодо карантин да бир аз тосколдук жаратып койду. Азыр кардарлардын санын арбытуу менен алекпиз. Буюрса, туруктуу сатып алуучуларды таап алсам, бул ишимди жолго коёрума ишенем. Азырынча сиңдим экөөбүз иштеп жатабыз, мүмкүн кийинчерээк жардамчыларды да алармын.

Предпринимательница, владелица маленького цеха по изготовлению пельменей Матлюба Хакимова
© Фото / Нурайым Кудаяр кызы
Матлюба Хакимова: пельмень жана вареники менен камырдын түрлөрүн чыгарабыз

— Ошондо кандай азыктарды чыгарып жатасыздар?

— Биз пельмень жана вареники менен камырдын түрлөрүн чыгарып жатабыз. Кыскасы, бизден адал жарым фабрикат азыктар чыгат. Кээ бир ишканалар таразадан бир аз кемитип коюшат. Биз андайга жол бербейбиз.

— Азыр алты саны аман адамдар деле жумуш жок экенин айтып даттанышат. Эми өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Өзүм Лейлектен болом. Ошол жакта чоңойдум. Мектепти аяктаган соң Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Математика, информатика жана кибернетика" факультетине тапшырып, математика боюнча мугалимдик кесипти алып чыккам. Андан кийин айылдагы өзүм окуган мектепте мугалим болуп иштедим.

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым

— Кечирип коюңуз, көзүңүз көрбөсө университетте билим алуу, мектепте иштөө оорчулук жараткандыр?

— Мурда көзүм жакшы эле көрчү. Бирок караңгыда эч нерсе көрбөй калаарымды 12 жашымда байкадым. Күндүз кадимкидей эле көрчүмүн. Ошентип 16-17 жашка келгенде бир туугандарым Улуттук госпиталдын поликлиникасына көрсөтүшкөн. Дарыгерлер "куринная слепота" деген диагноз коюп, бирок ал өтө деле кооптуу эместигин айтышкан. Бирок булардын аныктоосу туура эмес болуп чыкты. Кийин мектепти аяктап Бишкекке келгенде Академик Алмазбек Исманкуловдун көз оорулары боюнча клиникасынан көзүмө "Центральная дистрофия сетчатки" деген дартты коюшкан. Ошондон кийин убак-убагы менен дарылоо курсунан өтүп турчумун. Бирок дарыгерлер ошондо эле көзүмдү операция жасоого болбой турганын, барган сайын көрүүсү начарлай берерин айтышкан.

Предпринимательница, владелица маленького цеха по изготовлению пельменей Матлюба Хакимова
© Фото / Нурайым Кудаяр кызы
Көзү дартка чалдыгып көрбөй калса да, бирөөдөн жардам күтүп отурууну жактырбаган Матлюба Хакимова учурда пельмень чыгаруучу чакан цех иштетүүдө

— Көрбөй калышыңыз толук мүмкүн экендигин билген экенсиз да?

— Ооба, дарыгерлер көздүн көрүшүн ошол калыбында сактап калууга аракет жасашты. Бирок барган сайын начарлап жатканын угуу мага оңой болгон эмес. Дарыгерге барар учурда бутум тартпай, келгенден кийин ыйлап, жакындарым, ата-энем менен да сүйлөшпөй жаман болчумун. Бирок кийин көзүм биротоло көрбөй калганда андай деле катуу стресс болгон жокмун. Ага чейин эле санаа тартып, ыйлап жатып өзүмдү ушул күн келерине даярдап койсом керек. Маңдайга жазган тагдырымды кадимкидей эле кабыл алдым. Азыр "эмнеге минтип калдым" деп кайгырбайм. Тескерисинче, жаңы жашоону өздөштүрүүгө бет алдым.

— Канча убактан кийин толук көрө албай калдыңыз?

— Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин айылда эки жылдан ашык жакшы эле иштедим. Андан кийин эле улам начарлап отуруп, анан көрбөй калдым. Кесиптештерим кагаздарды толтуруума жардамчы катары атайын бир мугалимди дайындап берди. Анын жардамы менен мектепте баш-аягы сегиз жылдай математик болдум. Бирок мүмкүнчүлүгүмө жараша аз саат менен иштедим. Акыры шаарга кетүүгө туура келди.

Абдан кирешелүү! Ич кийим сатуудан ишкерликке жеткен Гулинанын баяны

— Себеби?

— Анткенимдин бирден-бир себеби эле өз алдынча жашоого көнүү болчу. Негизи бирөөгө көз каранды болгонду жана ар кимден жардам катары акча алып, арызданып жашаганды жактырбайм. Бишкекке 2018-жылы жазында келип "Кыргыз азиздер федерациясында" алты ай реабилитациялык тренингде окуп, брайл тамгасын, өз алдымча басып-турганды өздөштүрдүм. Ага чейин дайыма жакындарымдын жетегинде басып, жалгыз жүрө алчу эмесмин. Аталган фонддо көзү көрбөгөндөрдү бекер окутушат экен. Андан кийин Бишкектеги пельмень жасоочу цехтердин бирине жумушка орноштурушту. Цехтен жарым фабрикат тамактарды даядоону үйрөндүм. Эмгек жамаат мени абдан жакшы кабыл алышты. Айрыкча, кадимки жумушчулардай эле мамиле жасагандары мени өз алдымча оокат кылууга түрттү.

Предпринимательница, владелица маленького цеха по изготовлению пельменей Матлюба Хакимова
© Фото / Нурайым Кудаяр кызы
Матлюба Хакимова: дарыгерге барар учурда бутум тартпай, келгенден кийин ыйлап, жакындарым, ата-энем менен да сүйлөшпөй жаман болчумун. Эми болсо маңдайга жазган тагдырымды кадимкидей эле кабыл алдым

— Мугалимдик кесибиңизди уланткан жоксузбу?

— Башында репетитор катары тааныштарымдын балдарын окутуп жүрдүм. Мектептердин көбүндө мүмкүнчүлүгү чектелген мугалимдерге шарттар каралган эмес. Математика боюнча мектепке сабак берүүдө өзүмө ылайык жабдуулар, аудио китептерди алып даярданайын дедим, бирок кыйын эле болуп калчудай. Кесибимди да жакшы көрөм. Бирок шартка байланыштуу азыркы жолумду тандап алууну чечтим. Ишкерлик жааты да чыгармачылыкты талап кылат жана жакшы адамдардын жардамы менен өздөштүрүп кеттим.

— Эмне кыялыңыз бар?

— Алгач эле үйлүү болууну кыялданам. Мага жардам берген фонддун өкүлдөрү "Сен да бир кездерде башкаларга жардам бересиң", — деп шыктандырышты эле. Ошондон кийин муктаждарга жардам берген деңгээлге жетүүнү кыялданам жана максат кылам.

Тема боюнча

Мусулман аялдар жөнүндөгү стереотипти бузгум келет. Жаш ишкер Абдыкалыковдун маеги
Белгилер:
азиз, көз, мугалим, ишкердик, цех

ЭҢ МААНИЛҮҮ