Бүгүн Кыргызстанда дагы 163 кишиден коронавирус табылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПередвижная лаборатория для тестирования на коронавирус
Передвижная лаборатория для тестирования на коронавирус  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри эпидемиологиялык абал начарлай берсе, кескин чаралар көрүлө турганын айткан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагынан дагы 163 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек – 94;
  • Чүй облусу - 22;
  • Ош шаары – 16;
  • Ош облусу – 9;
  • Баткен облусу – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 7.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Анын ичинен 2054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0