БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 26 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, оору жуктурган кызматкерлердин алтоо Бишкектен, үчөө Чүй облусунан, экөө Ош шаарынан, төртөө Ош облусунан, экөө Баткенден, алтоо Ысык-Көл облусунан, экөө Нарындан жана бирөө Талас облусунан.
Ал эми сутка ичинде ооруну жеңген ак халатчандар болгон эмес.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 582 учур катталды. Алардын ичинен 387си айыгып чыкты.