БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына баланы 1-класска киргизүүдө зарыл болгон документтердин тизмеси жарыяланган.
Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:
- мектеп жетекчилигинин атына ата-энесинин биринин арызы;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- ата-энесинин биринин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;
- ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалым кат (Ф-26);
- баланын эмделгендиги тууралуу медициналык маалым кат (Ф-63);
- баланы мектепке киргизүүдө ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалым кат;
- 3x4 сүрөт
Ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен маалым кат. Эгер баланын каттоосу болсо, мамлекеттик каттоо кызматынан маалым кат. Эгер каттоосу жок болсо, анда муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан берилген документ жарай берет.
Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта шаарларында балдар 1-класска электрондук каттоо менен гана кабыл алынат. Электрондук каттоо системасынан "кабыл алынды" деген билдирүү келгенден кийин 14 күндүн ичинде ата-эне керектүү документтерин мектепке барып тапшырышы керек.