БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өзгөчө абал учурунда ишке тартылган медик, милициядан сырткары ӨКМ, Чек ара, Генералдык штабдын кызматкерлерине да кошумча акы төлөнүп берилет. Бул тууралуу өкмөт башчылыкка талапкер, мурдагы биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов көпчүлүк коалициянын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жогоруда аталган кызмат өкүлдөрүнүн кошумча акысына каралган каражат бар.
"Медиктерге Финансы министрлиги тарабынан май айына чейинки кошумча акы төлөнүп берилди. Ак халатчандар кызматтык деңгээлине жараша ар кандай суммада акы алышууда. Арасында ар кандай техникалык же башка мүчүлүштүктөрдөн улам албай калгандары бар, бирок ал маселелер чечилип жатат. Мындан сырткары, ИИМ өкүлдөрүнөн тышкары коронавирус менен күрөшүү ишине тартылган аскер кызматкерлерине, анын ичинен чек арачыларга, ӨКМ жана Генералдык штабдын кызматкерлерине дагы кошумча акы берилет. Ушул жума документке кол коёбуз. Буга каралган атайын каражат бар. Анын баары бир жуманын ичинде төлөнө баштайт", — деди Боронов.
Эске салсак, буга чейин ИИМ өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине жакынкы күндөрү кошумча акы төлөнө турганын айткан.