"Аламүдүн" базары дезинфекция үчүн жабылмай болду. Качан ачылат

© Sputnik / Магда ГибеллиДезинфекция жүргүзүп жаткан сантирандык кызматкерлер. Архив
Дезинфекция жүргүзүп жаткан сантирандык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте буга чейин ири эки базар дезинфекция үчүн жабылган. Мэриядан соода жайлары качанга чейин жабык турарын айтышты.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. "Аламүдүн" базары 12-14-июнь күндөрү дезинфекция иштери үчүн жабылат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга мэриянын маалымат кызматынан айтышты.

"Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бул үчүн тиешелүү кагаздарды жазып берди. Чечимди Республикалык штаб кабыл алды", — дешти алар.

Ал арада "Короче" Тelegram каналы тиешелүү кызматтар иштеп баштаганын айтып берип жаткан учурдун видеосун жарыялады.

ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова "Аламүдүн" базарында тазалоо иштери башталганын соцтармак аркылуу билдирди.

Бишкекте буга чейин "Орто-Сай" жана "Ош" базарлары дезинфекция үчүн жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0