Таласка да жетти. Бүгүн 38 кишиден коронавирус табылды

© AP Photo / Anjum NaveedМедик коронавирус кандын үлгүлөрүн кармап турат. Архив
Медик коронавирус кандын үлгүлөрүн кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас буга чейин коронавирус чыкпаган Кыргызстандын жалгыз таза облусу болчу. Аймакта бир кишиден вирус чыкканы аныкталды.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  • Бишкек шаарында – 19;
  • Чүй облусу - 6;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ош шаарында – 6;
  • Ош облусу - 3;
  • Жалал-Абад облусу - 2;
  • Талас облусу - 1.
"Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 7 адамдын жугузуп алган шарттары белгисиз”, — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2093 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0