Коронавирус табылган Жети-Өгүздөгү бейтап жентек той берген

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги тойдо иштеген официант. Архив
Бишкектеги тойдо иштеген официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтап 22-майдан 25-майга чейин Бишкек шаарында болгон. Андан кийин Жети-Өгүзгө барып баласына жентек той өткөргөн.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө коронавирус табылган адам туугадарына жентек той өткөргөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы ыкчам штабдан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн, 4-июнда, Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган бир адам катталган.

Облустук штабдын маалыматына ылайык, бейтап 22-майдан 25-майга чейин Бишкек шаарында болгон.

"Жети-Өгүз районунун 23 жаштагы тургуну Бишкектен Ысык-Көлгө келгенден кийин 20га чукул кишини чакырып баласына жентек той берген. Бүгүнкү күндө 20 адамдын бардыгынан коронавируска анализ алынып, үй карантинге алынды", — деп айтылат маалыматта.

COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкөдө 1899га жетип, бүгүн, 4-июнда, 28 кишиден аныкталды.

Ал эми жалпы 1292 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 20 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0