Бүгүн Кыргызстанда 28 кишиден коронавирус чыкты

© AFP / RODRIGO BUENDIAКоронавируска анализ алып жаткан дарыгер
Коронавируска анализ алып жаткан дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча Кыргызстандагы абал тууралуу күн сайын маалымат берүүдө.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында 28 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын 15и Бишкек шаарында болсо, бирөө Нарында. Төрт киши Ош шаарынан, дагы алтоо Ош облусунан, Чүй менен Ысык-Көлдө бирден киши катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1899 болду. 1292 бейтап сакайып чыкса, 20 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0