00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:08
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:39
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Элдин сөзүн угуп чыйралдым! Буту баспай ооруп жаткан Малик Аликеевдин абалы

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын. Архивдик сүрөт
Акын. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сабырбек Жумабековдун айтымында, сөөктөн кальций жуулуп, сөөк жумшарып кеткен. Ушундан улам кайра жасалуучу операция улам кийинкиге жылдырылууда.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жакшы болуп кетсем, кайрадан чыгармачылыгымды улантам. Бул тууралуу ушу тапта ооруп, баса албай жаткан белгилүү ырчы, аткаруучу Малик Аликеев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Барпы Алыкуловдун "Мөлмөлүмү" менен таанылып, эл оозуна алынган өнөрпоз дартка чалдыкканы тууралуу Facebook тармагына жарыяланган видеодон билүүгө болот. Анда Аликеев төшөктө жатып комуз менен сөзү Сооронбай Жусуевге, обону Кожокмат Абдыралиевге таандык  өзү иштеп чыккан “Өмүр жолундагы ой толгоо” чыгармасын аткарган. Видео жарыялангандан кийин коомчулукта талкууланып, соцтармак колдонуучулары ырчынын сакайып кетишин каалашууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Малик Аликеев менен байланышып, учурда анын Таластын Көпүрө-Базар айылында жашап жаткандыгы белгилүү болду.

“Ооба, азыр ооруп, баса албай төшөктө жатам. Мындан төрт жыл мурда бутума операция жасаткам. Андан кийин атайын жабдуу (ходунок — ред.) менен басып жүрүп жакшы болуп кеткем. Бир жолу кышында тепкичтен жыгылып кетип, операция болгон жерге доо кетип калыптыр. Ошондон кийин баса албай калдым. Эми буюрса жакында кайра операция жасатам. Негизи ушул жылдын март айында жасалмак, бирок кальцийим нормадан аз болуп, улам жылып калууда”, — деди Аликеев.

Ал үч жылдан бери кичи мекенинде жашап, борборго концерт, чыгармачылык кечелерге катышып келип-кетип турган. Бирок бир жарым жылдан бери ден соолугуна  байланыштуу төшөктө жатып калган. 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жаманкулов: чыгармачылык союздарга быйыл 20 миллион сом бөлүндү
“Ооруп жаткан киши кээде ар кандай санааларга батып, ойлор келет. Эки-үч күндөн бери көп киши акыбалымды сурап, телефон чалып жатат. Элиңдин эсинде экениңди, алардын каалоо-тилектерин угуп киши чыйралат экен. Элден айланса болот. “Чыгармачылыкка кайтып кел, сахнадан күтөбүз” деп чалгандар болууда. Буюрса, жакшы болуп кетсем, кайрадан чыгармачылыгымды улантам”, — деди ал.

Малик Аликеевге операцияны белгилүү хирург-ортопед Сабырбек Жумабеков жасай турганы айтылууда. Дарыгердин айтымында, ал буга чейин да Аликеевге кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жерине (эки жагына тең) операция жасап берген экен.

“Мындан үч-төрт жыл мурун айылдаштары менен өзүм да демөөрчү болуп, бекер операция жасап бергем. Андан кийин жакшынакай бийлеп-ырдап, кадимкидей эле басып  жүргөн. Азыр ооруп калганынын бир себеби — сөөктөн кальций жуулуп, сөөк жумшарып кеткен. Ошол себептен койгон тетиктер шалкылдап бошоп калган. Учурда кальций нормага жетип, сөөктөр катымайынча операция жасоого болбойт”, — деди Жумабеков. 

Бөйрөгүмдү сатайын десем, жараксыз экен. Майып кыздын оорулуу энесинин баяны - Sputnik Кыргызстан
Бөйрөгүмдү сатайын десем, жараксыз экен. Майып кыздын оорулуу энесинин баяны
Малик Аликеев 35 жылдан бери сахнада жүрүп, элинин жүрөгүнөн түнөк тапса дагы буга чейин эч кандай мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн эмес. Болгону Роза Отунбаеванын колунан президенттин Ардак грамотасын алган.

Маданият, маалымат  жана туризм министри Азамат Жаманкуловго суроо салганыбызда, быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган министрликтин алдындагы түзүлгөн атайын комиссия Малик Аликеевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамына сунуштай турганын билдирди.

Ал Малик Аликеев уникалдуу таланттардын бири экенин белгилеп, жагымдуу үнү, мыкты аткаруучулук чеберчилиги менен кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапканына токтолду. 

“31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата Малик Аликеевди сыйлоо боюнча сунушубузду президентке киргизебиз. Сыйлык тапшырууда эки этап бар. Алгач министрликтин алдындагы түзүлгөн комиссия карайт, экинчисинде президенттин алдындагы комиссиянын кароосунан өтөт. Биз Малик Аликеевди “КРдин Эмгек сиңирген артисти” наамына көрсөткөн сунушту өлкө башчынын алдындагы комиссияга жиберебиз”, — деди Жаманкулов.

Малик Аликеев он алты жашынан бери сахнаны байырлап келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0