Бишкекте санитардык тартип бузулса кимге билдирүү керек. Номерлер

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКол кап кийип эшик ачып жаткан адам. Архив
Кол кап кийип эшик ачып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-майдан тарта карантиндик чектөөлөр акырындык менен азайтылып, өлкө аймагында ишканалар кезек-кезеги менен иштей баштады.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы санитардык нормалар бузулуп жатканына күбө болгондорду муниципалитетке кабарлоосун айтып, телефон номерлерин кайрадан эске салды.

1-майдан тарта карантиндик чектөөлөр акырындык менен азайтылып, өлкө аймагында ишканалар кезек-кезеги менен иштей баштады. Бардыгы санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен иш алып барышы зарыл.

Буга чейин Бишкекте эреже бузгандар боюнча 385 протокол түзүлүп, 867,5 миң сомго айып салынган.

Эгер сиз санитардык нормалардын бузулуп жатышын көрсөңүз, төмөндөгү номерлерге кабарлаңыз:

  • Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) — (312) 65-81-59, (0705) 56-47-56;
  • Биринчи Май району — (0555) 40-48-18;
  • Свердлов району — (0551) 55-17-45;
  • Октябрь району — (0500) 21-04-70;
  • Ленин району — (0500) 08-55-80.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. 31-майдагы маалыматка караганда, өлкө аймагында вирус жугузуп алгандардын саны — 1748. Алардын 562си ооруканада. 16 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0