Дагы деле тыюу салынып турган тармактар тизмектелди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКишилер кинотеатрда. Архив
Кишилер кинотеатрда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 1инчи, 5инчи жана 7-июндан тарта дагы бир нече мекеме ишин баштаарын айтты. Анткен менен айрым тармактардан чектөө алына элек.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Республикалык штаб карантиндик чектөөлөр кыскартылып бара жатканына карабай, тыюу салынган тармактар бар экенин айтып, тизмесин берди.

Азырынча төмөнкүлөр ишин жандандыра албайт:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу мекемелер;
  • балдар оюн-зоок жайлары, оюн аянтчалары;
  • интернет-клубдар, ошондой эле компьютердик оюн жайлары;
  • кинотеатрлар;
  • соода борборлорунда жайгашкан тамактануу жайлары;
  • билим берүү борборлору (эгер санитардык-гигиеналык нормалар сакталып, андагылар аралыкты сактаса уруксат берилет);
  • шаар жана аймактар арасында элди автобус жана чакан автобус менен ташуу.

Бүгүнкү брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 1инчи, 5инчи жана 7-июндан тарта дагы бир нече тармак ишин баштаарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0