Өлкөдө 27 адам коронавируска кабылды. Соңку маалымат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүУлуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгери. Архив
Улуттук медициналык изилдөө борборунун дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын басымдуу бөлүгү айыгып чыкты. Ошентсе да вируска кабылгандардын аягы суубай, кырдаал санаага салып турган кез.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн 27 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ушуну менен коронавирус аныкталган учурдун жалпы саны 1243 болду.

"Бишкек шаарында алты кишиден вирус чыкты, буларга Санкт-Петербургдан келген бир адам кошулду. Чүйдө Соль-Илецкиден келген үч мекендеш дарыланууга жаткырылды. Мындан тышкары, Нарында 11, Ош облусунда алты кишиден табылды", — деди Үсөнбаев.

Өлкөдө үшу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0