Бишкекке кирүү чектелди. Боронов Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мэрия да жүйөлүү себепсиз борбор калаага аймактардан келбей турууга чакырган. Боронов да бул ар бир адамдын эртеңки коопсуздугун сактоо үчүн жасалып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объектилерде эмгектенгендер гана келе алышат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов на очередном заседании Республиканского оперативного штаба
Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объектилерде эмгектенгендер гана келе алышат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объектилерде эмгектенгендер гана келе алышат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевОчередное заседание Республиканского оперативного штаба
Анын айтымында, калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын айтымында, калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевОчередное заседание Республиканского оперативного штаба
Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ.
1/3
Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объектилерде эмгектенгендер гана келе алышат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.
2/3
Анын айтымында, калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет
3/3
Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ.

Анын айтымында, калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет. Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ.

"Вирус бар экендиги аныкталган адам менен байланышкандардын баарын табууга болгон күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Медицина кызматкерлери, баарыбыздын чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура турган мезгил эмес. Бир ката кетирсек ишти кайра башынан баштап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир мамлекеттик орган толук күчүн жумшап иштеди, ушул багытта улантууну өтүнөм", — деди Боронов.

Ал ошондой эле өлкөнүн вирус чыккан жерлеринде көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова  - Sputnik Кыргызстан
Вице-мэр: Бишкекте 113 үйдүн жашоочуcу коронавируска тест тапшыруудан баш тартты
"Биз Нарын шаарына кошумча күчтөрдү жөнөттүк. Мобилдик бригадалар тууралуу сөз болуп жатат. Дары-дармек жетишпеген шартта дароо билдиргиле. Азыркы күндө дары каражаттары жетиштүү, зарылдыгына жараша керектүү аймактарга жөнөтөбүз. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын эстен чыгарбоо кажет. Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объектилерге тартылгандар гана келе алышат. Бул, албетте, ар бирибиздин эртеңки коопсуздугубузду камсыздоо үчүн кабыл алынган убактылуу чара", — деди биринчи вице-премьер.

Боронов эскерткендей, учурда мекендештерди өлкөгө алып келүү иштери жүрүп жатат. Келген жарандарды жайгаштыруу алгоритмин так иштеп чыгуу шарт.

"Ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 аныкталып, алар ооруканага жаткырылды. Өздүк курамдын иш планын соттолгондор менен байланышты азайткыдай түрдө иштеп чыгуу керек. Муну менен бирге коронавирус инфекциясына кабылгандар менен байланышкандарды аныктоо иштери уланууда", — деди ал.

Биринчи вице-премьер тиешелүү мамлекеттик органдарга экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу аркылуу жол трафиги көбөйгөнүн эскертип, жүк ташуучу унаалардын кирүү алгоритмин жаңылоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0