Коронавирус Нарында жайылууда. Оору катталган район, шаарлардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЖизнь в поселке Мин-Куш Джумгальского района
Жизнь в поселке Мин-Куш Джумгальского района  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 1111ге жетип, алардын ичинен 745и айыгып чыккан.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн коронавирус катталган аймактары тууралуу маалымат берди.

Статистикага ылайык, Нарын облусунда оору жуктургандардын саны өсүп, эпидемиологиялык кырдаал оорлошууда. Буга чейин каттала элек Ак-Талаа районунда дагы бир адам COVID-19 жуктурганы белгилүү болду.

Аймактар боюнча салыштырганда, Нарын үчүнчү орунга чыкты. Анын алдында Бишкек шаары менен Ош облусу бар. Бул облустагы кырдаалды иликтөө үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев башында турган дарыгерлер тобу Нарынга кеткен. 

Кыргызстанда коронавирус катталган аймактар
Коронавирус Нарында жайылууда. Оору катталган район, шаарлардын тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус катталган аймактар

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 1111ге жетти. Анын ичинен 745и айыгып чыккан. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Учурда ооруканадагы бейтаптардын бешөөнүн абалы оор, үчөө реанимацияда жатат. Ал эми 75 киши орточо, 273ү канааттандырарлык абалда.

Роддом №1 в Мурманске - Sputnik Кыргызстан
Министрлик киришти! Нарында төрөт үйүндө вирустун жайылышын комиссия иликтөөдө
Акыркы бир суткада 2010 анализге изилдөө жүргүзүлдү. COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 5180ди түзөт. Обсервация жайларында 1532 киши жатат. Мунун арасында чет өлкөдөн келген мекендештер да бар.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0