Бишкекте карантинге карабай соода борбору эшигин ачты. Чоо-жайы

Жазылуу
Мэриянын маалыматына караганда, ал текшерүү иштеринен соң эле дароо жабылды. Текшерүү органдары Бузуулар кодексинин 150-беренесине ылайык, борбордун жетекчилигине 5 миң сом айып салды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы карантиндик чектөөлөргө карабай “Беш-Сары” соода борбору ачылып, иштеди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

"Бишкек шаарында санитардык-карантиндик эрежелерди бузуп иштегендер көп аныкталууда. Атургай бүгүн “Беш-Сары” соода борбору уруксат берилген ишкана эместигине карабай эшигин ачты”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, ал текшерүү иштеринен соң эле дароо жабылды.

Текшерүү органдары Бузуулар кодексинин 150-беренесине (“Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу”) ылайык, борбордун жетекчилигине 5 миң сом айып салды.

Коронавирустун кесепети

Курчалган аянтта милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаал тартибин бузгандарга салынчу айыптын суммасы айтылды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0