Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом берилди

© Sputnik / Алексей СухоруковОорукананын реанимация бөлүмүндө медайым. Архив
Оорукананын реанимация бөлүмүндө медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 миллион 400 миӊ сом которулган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине компенсация берүү башталды. COVID-19 жуктуруп каза тапкан Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилди. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

“Апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөм үчүн 105 миллион 400 миӊ сом которулган. Коронавирус инфекциясы жугуп көз жумган дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү”, — дешти штабдан.

Каражат Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине которулган.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.

Жузумкан Кокумбаева уулусу Максат Султакеев менен - Sputnik Кыргызстан
Жаназасына араң жетиштим! Коронавирус жугуп каза болгон медиктин уулу менен маек
Ал эми ошол каза болгондордун бири Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева болду. Ал эми өлкө боюнча COVID-19 241 медицина кызматкерлеринен чыккан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0