Жуктургандар бүгүн аз. Өлкөдө 7 адамдан коронавирус аныкталды

© REUTERS / Dado RuvicСитуация в мире в связи с коронавирусом
Ситуация в мире в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал режими алынганы менен өлкө аймагында кырдаал турукташа элек. Мындан улам киргизилген чектөөлөр дале күчүндө.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда жети кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдири.

Анын айтымында, жаңы учурлардын баары байланышта болгондор.

"Чүй облусунда беш кишиден, Ош облусунда бир, Нарында бир кишиден чыкты. Коронавирус аныкталган адамдардын бири айдоочу. Ал кесиптеши менен Өзгөнгө келген. Текшергенде коронавирус табылган. Бир үй-бүлөдө үчөө жуктуруп алган учур да катталды", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен жалпы жонунан 1 044 учур катталды.

Учурда өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0