Кыргызстанда пандемия маалында медициналык калдыктарды эмне кылышат?

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүБир жолу колдонулган маскаларды таштанды контейнерден ташуучу унаага түшүрүү. Архив
Бир жолу колдонулган маскаларды таштанды контейнерден ташуучу унаага түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус каптап турганда өлкөдө медициналык калдыктарды эмне кылышарына Sputnik Кыргызстандын кабарчысы кызыгып көрдү. Көрсө, көп бөлүгү таштандыга ташталат экен.

Жакында эле Ноокаттын тургундары саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин жана Ош коменданты Малик Нурдиновдун онлайн-брифинги учурунда Ноокат райондук ооруканасында он күн бою медициналык калдыктар өрттөлүп, аймак күйүк жыттанып турганын айтып даттанышкан.

Каратаев мындан кабардар экенин, аталган медициналык мекеменин директору менен бул туурасында сүйлөшкөнүн билдирди.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы коронавирус пандемиясынын тушунда өлкөдө бет кап, жеке коргонуу каражаттарын жана башка медициналык калдыктарды эмне кылышарын билип көрдү.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, медициналык калдыктардын 15 пайызы кооптуу материал болуп саналат, ооруканалардын бейтаптарына, медицина кызматкерлерине жана башкаларга оору жуктурушу мүмкүн. Айлана-чөйрөгө патоген жана уулуу заттарды чыгаргандыктан, ден соолукка коркунуч туудурат.

"Айрым жагдайларда медициналык калдыктарды ачык өрттөөдө абага диоксин, фуран жана башка уулуу заттар тарайт. Алар адамдын организми үчүн ракты пайда кылуучулардан болуп саналып, ден соолукка бир катар зыяндуу кесепетине байланыштуу" — деп айтылат аталган уюмдун сайтында.

Медициналык калдыктардын негизги булактары төмөнкүлөр:

  • ооруканалар жана башка медициналык мекемелер;
  • лабораториялар жана изилдөө борборлору;
  • өлүккана жана патологоанатомиялык мекемелер;
  • изилдөө жана тестирлөө жүргүзүлгөн лабораториялар;
  • кан куюу станциялары жана кан топтоо жүргүзгөн кызматтар;
  • карылар үйлөрү.

Медициналык калдыктарды жок кылуу боюнча өкмөттүн токтому менен бекитилген инструкцияга ылайык, КР территориясында медициналык калдыктар көмүлүп же жок кылынышы шарт.

Бирок бул жааттагы мыйзамдар тийиштүү деңгээлде аткарылбагандыгы аныкталды, ал эми медициналык калдыктарды туура жок кылуу үчүн Кыргызстанда тек гана мекеме бар. Ошол жалгыз компаниянын директору Нурлан Жумалиев ал жетектеген ишканада Бишкектеги медициналык мекемелердин калдыктарынын жалпы көлөмүнүн беш пайызы гана жок кылынарын айтты.

"Эгер шприцти жөн эле көчөгө ыргытсаңыз, ал 200 жыл жата берет. Ал эми биз аны 4-5 саатта чиритебиз. Мында атмосферага зыяндуу заттар бөлүнбөйт, таштанды чыкпайт. Бул термикалык чиритүү ыкмасы болуп саналат. Биз азыр медициналык калдыктарды кайра иштетүү эмес, борборлоштурулган толук жок кылууну демилгелеп турабыз. Биз алардан кийин эл пайдаланган оюнчук, тазик, чака жасабайбыз. Алар кантип зыянсыздандырылганын бир кудай билет", — дейт мекеменин директору.

Анын айтымында, көптөгөн жеке медициналык жайлар медициналык калдыктарын желим шприцтерди тандап алып, калганын таштандыга ыргыткан компанияларга өткөрүп берет. Аларда медициналык калдыктарды жок кылуучу лицензия жана жабдуу жок.

Блокпостто турган медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дун бир нече күн катары менен топ-топ болуп чыга турганы айтылды
"Ошол эле гемодиализдик борборлор алардан медициналык калдыктарды алып кетчү жеке компаниялар менен келишим түзүшөт. Алардын баары, анын ичинде кан үчүн пайдаланылчу фильтр, ампула жана башкалар таштандыда калат", — деп кошумчалайт Жумалиев.

Медициналык калдыктарды жок кылууга лицензияны компанияларга КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги берет. Аталган агенттиктегилер медициналык калдыктар таштандыга чыгарыларын тастыкташты, бирок алар алдын ала автоклавирлөөдөн — жогорку басымдагы ысык буудан өткөрүлөт.

"Залалсыздандыруу процесси атайын аппаратта — автоклавда жүргүзүлөт. Ысытууда бактерия жана вирустардын баары өлөт, андан соң медициналык калдыктар кадимки таштандыга айланат да акыр-чикир ыргытылчу жайга чыгарылат. Медициналык калдыктар автоклавирлөөдөн кийин айлана-чөйрөгө кооптуулук жаратпайт", — дейт аталган мекеменин басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев.

Ал Ноокат районундагыдай медициналык калдыктарды жагууга тийиштүү органдар тарабынан катуу чара көрүлүшү керектигин кошумчалады.

"Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин Инфекциялык көзөмөл боюнча республикалык борборунун эпидемиологу Алексей Кравцовдун айтымында, медициналык калдыктарды жок кылуу технологиясы медициналык мекемелерге кымбатка түшөт.

"Калдыктарды туура жок кылуу кымбат болгондуктан, Бишкектеги медициналык калдыктардын көпчүлүгү өзгөртүлбөгөн бойдон, залалсыздандырылган күндө да таштанды жайга жөнөтүлөт. Өкмөттүн токтомунда акыр-чикир ташталчу полигонго калдыктар өзгөртүлүп ташылып, алар аныкталбаган түрдө болууга же жок кылынууга тийиш экени так жазылган. Жок кылынышына артыкчылык берилет", — деди Кравцов.

Ситуация в Франции в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек
Анын айтымында, медициналык калдыктар таштанды полигонуна чыгарылышы өзгөчө кооптуу. Анткени туура эмес иштелсе, химиялык, биологиялык жана радиоактивдүү тобокелдиктери бар.

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамелкеттик агенттиктин башчысынын орун басары тегерек столдун биринде Кыргызстанда 500 чакты ишкана таштандыны иргөө жана кайра иштетүү менен мыйзамсыз алектенерин айткан. Мындан тышкары, жүздөгөн адамдар оокат табуу үчүн Бишкектеги полигондо акыр-чикир иргеп жүрөт.

Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Санэпидемиологиялык көзөмөл департаменти бүгүнкү күндө коопуулук жок деп эсептейт, анткени бардык медициналык калдыктар залалсыздандырылат.

"Катуу калдыктар жок кылынат. Алардан тиричилик товарлар жасалат. Шприцтердин ийнелери кайра иштетилет. Калганы автоклавирлөө менен залалсыздандырылат да, ошондон кийин гана таштандыга чыгарылат. Мындан улам биологиялык кооптуулук жок. Биз калдыктарды жок кылууга умтулабыз, бирок азырынча бир эле фирманын тийиштүү жабдуусу бар. Ар бир ооруканада инфекциялык көзөмөл жүргүзүүчү атайын тобу болот, алар эпидемиологиялык абалга көз салып турушат. Андыктан коюлган талаптар менен баары кабардар", — деди Санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Бактыгүл Токталиева.

Ал эки жылдан бери ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий иштээрин, мындан улам жеке медициналык клиникаларды калдыктарды кантип жок кылып жатканын толук текшерүүгө мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0