02:50 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
231 0 0

Кыргызстандыктардын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, турган жерине чатырларды орнотууну талап кылып жатканы белгиленди.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россиянын Оренбург шаарынан чыгып, чек арадан өтө албай жолдо калган Кыргызстандын жарандары Бузулук районундагы балдар лагерине жайгаштырылды. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилигине таянуу менен Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта мындай чечим бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин Оренбург облусунун администрациясы тарабынан кабыл алынган.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган шаардан чыгып, чек арадан өтө албай ара жолдо калган кыргызстандыктар көпүрөнүн алдында жаткан видеосун жөнөтүп, жардам сурап кайрылышкан.

"Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын КР жараны бар. Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча Кыргызстандын Оренбург шаарындагы Ардактуу консулу жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып барууда. Консул менен бирге диаспора активисттери да бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда кыргызстандыктардын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, турган жерине чатырларды орнотууну талап кылып жатканы белгиленди.

Эске салсак, Казакстан Кыргызстанга бир жолку өтүүгө гана уруксат берген. 7-майда Оренбург облусунун Соль-Илецк районунда кармалып турган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинген

Тема боюнча

Көпүрө алдында жатабыз! Оренбургдан чыгып жолдо калган кыргызстандыктар. Видео
Оренбургда турган 541 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Сүрөт
Белгилер:
Мигрант, Кыргызстан, карантин, чек ара, Казакстан, Россия, Оренбург

ЭҢ МААНИЛҮҮ