22:00 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4927
  • EUR81.8635
  • RUB1.0542
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)
516 0 0

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 7-8 жаштагы тестиер бала Калыгул аксакал учурда 86 жашта. Ал атасын 1942-жылы фронтко узаткан бойдон көргөн эмес.

Эки уул, үч кыздын атасы Калыгул аксакал учурда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Байзак айылында турат. Ал согуштун каардуу жылдары жаш балдардын жүрөгүнө кандай так салганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

— Атаңыздын кан майданга кетип жатканы эсиңизде жакшы эле сакталып калса керек?

— Ооба, жети-сегиз жаштагы бала элем. Атам Арун Алыбаевди райондун борборуна чакырышып, дароо согушка жөнөтө турган болуптур. Аны угуп эле чоң атам, чоң энем, апам, мен болуп айылдын аягындагы таш көчөгө атама жолдон учурашып коштошкону бардык. Биздин айылдан он киши жөнөп жаткан экен. Ошондо жанындагы коштоп жүргөндөр атамдарга учурашканга да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Согушка кетип жаткан он жигит жакындары менен коштошкончо шаштырып туруп алышты. Боз ала болуп эле калып калдык. Алар Чаектен Кайырмага (азыркы Байзак айылы) чейин жөө келишип, кийинки Дыйкандан машина менен алып кетишиптир. Андан аркысын кантип, эмне болуп жеткенин укпай калдык. Атам согушка 1942-жылдын 15-сентябрында жөнөп кетиптир.  Ал жылы согуштун каары анча билинген жок. 1943-жылдан баштап ачкачылыктын заарын катуу тарта баштадык. Биз балабыз. Колубузга чөйчөк алып талаадан буудайдын, арпанын данын теребиз. Апаларыбыз "жебегиле, ичиңер өтөт" десе да болбой бирден-экиден сугунуп жиберебиз. Бир чөйчөккө терип келген данды тазалап, үйдөн кууруп жиберип эле жаргылчакка тартып жарма жасап ичип өзөк жалгачубуз. Ал кезде туз да жок. Тузду Жумгалдын Суусамыр тарабындагы Сары-Камыш жактагы Бурамжалдан өгүзгө же атка жүктөп келишчү. Ал кезде айылда жалаң аялдар, балдар, анан кары-картаңдар эле калган. Ошондуктан туз артып келүү да бир чоң түйшүккө айланса керек.

— Мектепке бардыңызбы?

— Жашым онго чукулдап калганда окууга бардым. Мектептен да чөптө иштечүбүз. Ал кезде чөптү боолачу элек. Кыздар чөмөлө салып, балдар чөп боолачубуз. Кыздарга жетпей калып ыйлаган учурлар болгон (күлүп). Он жашыбыздан колхоздун ишине тартылдык. Эгин чабылганда машак тергенге чыкчубуз. Мугалим "болду, үйүңөргө тарагыла" десе кайра айдоону көздөй жүгүрүп барып кочуштап машак терип алып, үйгө сүйүнүп алып барат элек. 1943-жылдан 1945-жылга чейин ачкачылык катуу болду. Анан 1945-жылы согуштан аскерлер бирден-экиден келе баштады.

Старейшина из Жумгала Калыгул Арунов
© Фото / Эркайым Бекболотова
Калыгул карыя согуш башталганда 7-8 жаштагы тестиер бала экен. Атасы кан майданга кетип жатканда жөндөп учурашып, узата албай калганына кейийт.

— Майдандан кайткандарды кантип тосуп алышчу эле?

— Ой-бо-ой, андагы элдин толкунданганын айтып жеткирүү кыйын. Ыйлап жатканы андан көп, тебетейин ыргытып сүйүнүп жатканы мындан көп. Кээ бири келген солдаттан өзүнүн согушка кеткен жакынын сурап жанталашып жүрөт. Бала-бакыра тегеренип чуркап, чуулдайт. Кыз-келиндер толкунданып сүйүнүчтөн көз жаш төгүшөт. "Меники да келип калар бекен" деп ыйлаган энелер. Кара кагаз алып калгандар "мен да ушинтип тосуп алсам эмне" деп алар бир жагынан буркурайт. Баары ошол согуштан кайткан жоокердин үйүндө бир топ күн жүрүшчү. Далай эле күндөр өттү.

— Кара кагаз келгенде айылга да кара булут айлангандай болсо керек...

— Анан эмне... "Баланчага кара кагаз келиптир" дегенде балабыз да, чуркап барып обочодо сыртынан акмалап турчубуз. Андай жерге бала-бакыра кире алчу эмес. Алгач жаман кабар почтага келчү. Почточу өзү угуза албай, ошол үйдүн коңшуларынан эки-үч аксакал менен он чакты аялды чогултуп кирип, анан угузчу эле. Андан кийин ызы-чуу, ый башталат. Карап тура алчу эмессиң. Кошок айткан энелер, чыңырган жубайы...

— Атаңыз согуштан кайтпай калган турбайбы?

— Ооба, кайтпай калды, кара кагаз да келген жок. Атамдын Абдыкадыр деген агасы бар эле. Ал кишини жашы өтүп калганы үчүн согушка албай коюшкан. Раматылык шашма болчу. Согушка өз каалоосу менен барам деп, болбой койгондо 1944-жылдын жазында тылга иштегенге жөнөтүшкөн. Ага чейин ошол абабыз атамдын каттарын айтып берчү. Бир жылдан кийин 1942-жылы атамдан алгач ирет кат келип, "декабрда согушка кирдик" деп жазган экен. Аны ошол Абдыкадыр атабыз окуп берген. Кийин экинчи жолу кат жазганда согуш талаасында душмандын огу атамдын бир жаагынан кирип, экинчи жаагынан чыгып кеткенин билдирген. Тиши күбүлүп калган экен, госпиталдан кийме тиш жасап беришиптир. Кайра фронтко жөнөтүп жатканын жазган. Андан кийин кабар келген жок. Ошону менен дайынсыз болду. Согуш талаасында каза болуп калса керек. Кайда көмүлгөнү, эмне болгону белгисиз.

— Кийин издештирип көргөн жоксузбу?

— Бир ирет балдарым менен жээним издештирип аракет кылышкан. Бирок майнап чыккан жок.

Старейшина из Жумгала Калыгул Арунов
© Фото / Эркайым Бекболотова
Калыгул ата: 1943-жылдан баштап ачкачылыктын заарын катуу тарта баштадык. Биз балабыз. Колубузга чөйчөк алып талаадан буудайдын, арпанын данын теребиз. Апаларыбыз "жебегиле, ичиңер өтөт" десе да болбой бирден-экиден сугунуп жиберебиз.

— Атаңыз фронтко кеткенде апаңыз канча жашта экен?

— 33 жашта болгон. Биз төрт бир тууган элек. Кичинебиз Назаркул ысытма болуп чарчап калды. Ал кезде кыз-келиндерди, аялдарды ишке жарамдуу дешип колхоздун жумушуна иштетишкен. Апам соко менен жер айдап, мала тартчу. Ал кезде ат да аз. Өгүз менен айдашчу эле. Биз апабызга жардам берели деп маланын же соконун артынан түртүп алчубуз. Өгүз мала айдаттырбай артка качып, азапты берчү. Анан көп өтпөй энем көкүрөгүнөн катуу ооруп калды (кургак учук — ред.). Тестиер кезибизден эле энебизди аяп үйрөндүк. Мойнубузга баканды илип, сайдан 2-3 чакырым жөө өрүүгө чыгып суу ташучубуз. Ачкабыз. Жыгач бакан өйкөп, ийнибиз жооруп кетээр эле. Кордукту жакшы эле көрдүк.

Кудайга шүгүр, кой үстүндө торгой жумурткалаган заман азыркы учур экен. Эркиндигибиз бар, курсагыбыз ток. Мобу тумоо гана кичине кыстап жатат. Бирок бул деле эчтеке эмес. Башкысы бала-бакыра ачка болбосун, эли-журтта тынчтык болсун. Согуштан кудай сактасын.

Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы (78)

Тема боюнча

Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Чоң атамдан 6 жыл кат келбептир. Министр Жаманкулов ардагер бабаларын эскерди
Белгилер:
кагаз, кара, ата, Улуу Ата Мекендик согуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ