Кыргызстанда дагы 28 адамдан коронавирус чыкты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДарыгер коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив
Дарыгер коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан айыккандардын саны көбөйгөнү менен жаңы учурлар да аныкталууда. Вирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери да бар.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 28 киши аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Анын ичинде Бишкекте 16 киши, Чүйдө экөө, Жалал-Абад облусунда алтоо, Баткен облусунда төртөөнөн чыкты. Булардын арасында төрт медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган 871 учур болду. Анын 614ү айыкса, 12 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0