Жалал-Абаддын башкы дарыгери: медиктер абалды туура түшүнүштү

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОтделение для людей с подозрением на коронавирус в Боткинской больнице
Отделение для людей с подозрением на коронавирус в Боткинской больнице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук оорукананын жетекчисинен вирус убагында ишин таштап кеткен дарыгерлер болсо, кайрадан жумушка алынаар-алынбасын сурашкан.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында коронавирус катталгандан бери өзүн сактайм деп жумушун таштап кеткен дарыгерлер болгон жок. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев брифинг учурунда билдирди.

Ага модератор "вирус менен күрөшүп жатканда ишин таштап кеткен дарыгерлер болдубу? Эгер ошондойлор болсо кайра жумушка аласызбы?" деп, көрөрмандардан келген суроону узаткан.

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып оорукананын жалпы жамаатына, анын ичинде инфекциялык бөлүмдүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Ушул убакка чейин бир дагы дарыгер "өзүмдү сакташым керек, кетейин" деп айткан жок. Бардыгы туура түшүндү. Мындан сырткары инфекциялык бөлүмгө кирип, оорулуулар менен түздөн-түз иштеп берейин деп демилге көтөргөн башка дагы дарыгерлер болду. Оору аяктаса кызматкерлерге ыраазычылык айтабыз", — деди Ботокараев.

Ошондой эле ал учурда инфекциялык бөлүмдө 11 бейтап жаткандыгын кошумчалады. Жалпысынан Жалал-Абадда 83 кишиден коронавирус чыгып, анын 72си сакайып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0