00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
97% школьников с кариесом: как будет работать новая система осмотров
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коронавирус биринчи катталган Сузакта бейтаптардын 95%ы айыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан Жалал-Абадда 83 кишиден коронавирус чыгып, анын 72си сакайган. Калган бейтаптар өзүн жакшы сезип жатканы маалымдалды.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Коронавирус биринчи жолу катталган Сузак районундагы бейтаптардын 95 пайызы айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облустук оорукананын инфекциялык бөлүмүндө сузактык беш киши гана дарыланып жатат.

"Коронавирус алгач Сузакта катталган. Кудайга шүгүр, бир топ иш-чаралардын негизинде өзгөчө абал режими алынды. Бизде коронавирус жугузгандардын 95 пайызы ооруканадан чыкты. Сузак райондук ооруканасында дарыланып жаткандар жок. Ал эми Жалал-Абад облустук ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө сузактык беш киши жатат. Алардын абалы жакшы, жакынкы күндөрү чыгышат. Өзүбүз уюштурган обсервацияларда бир гана жаран калды. Карантиндик жайлардын бардыгы дезинфекцияланып жатат", — деди Омошев.

Ал райондо абал тынч экендигин айтып, элге ыраазычылык билдире кетти.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев кошумчалагандай, учурда инфекциялык бөлүмдө 11 бейтап жатат. Алардын абалы жакшы экени белгиленди.

Жалпысынан Жалал-Абадда 83 кишиден коронавирус чыгып, анын 72си сакайып чыккан.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 18-мартта кичи ажылыктан келген Сузак районунун үч тургунан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0