Нарын шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын баары айыгып чыкты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-апрелден тарта эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Нарын шаары менен Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизилген.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Нарын шаарында коронавирус жуктурган беш адамдын баары айыгып чыкты. Мындай маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасында жазылган.

Буга чейин шаарда беш адамдан COVID-19 аныкталса, бүгүнкү күндө баары ооруну жеңип чыкты.

Кочкор районунда дагы бир адамга вирус жугуп, ал да сакайган.

Ал эми Ат-Башы районунда 57 учур катталган, бирөөнүн абалы оор. Айыккандар азырынча жок.

Жумгал районунда 10 адамдан аныкталып, бирөө айыгып үйүнө чыгарылган.

Нарын облусу боюнча жалпылап алганда 73 учур катталып, жетөө айыкты.

Коронавирустун кесепети

Карантинный центр в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында канча адам вирус жуктурду. Бүгүнкү статистика
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Анын ичинен 216сы айыгып, жетөө каза болду. Ошондой эле 147 медицина кызматкери да оору менен алышууда.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0