Азык-түлүк жаатындагы коркунучту сездик. Абылгазиев дыйкандар менен сүйлөштү

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевХод весенне-полевых работ в Чуйской области
Ход весенне-полевых работ в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухаммедкалый Абылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөштү.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү абалга карабастан дыйкан, фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери менен таанышып жатып айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Абылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөшкөн.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери менен таанышты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери менен таанышты
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАбылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөшкөн.
Абылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөшкөн. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Абылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөшкөн.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАбылгазиев дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин баса белгиледи.
Абылгазиев дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин баса белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Абылгазиев дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин баса белгиледи.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери
 Чүйдөгү жазгы талаа иштери - Sputnik Кыргызстан
4/5
Чүйдөгү жазгы талаа иштери
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери
 Чүйдөгү жазгы талаа иштери - Sputnik Кыргызстан
5/5
Чүйдөгү жазгы талаа иштери
1/5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүйдөгү жазгы талаа иштери менен таанышты
2/5
Абылгазиев айдоо иштери жүрүп жаткан Чүй облусунун Москва районуна барып, дыйкандар менен сүйлөшкөн.
3/5
Абылгазиев дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин баса белгиледи.
4/5
Чүйдөгү жазгы талаа иштери
5/5
Чүйдөгү жазгы талаа иштери
"Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө өлкө кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрүп жатабыз. Саламаттыкты сактоо системасынын дараметинин начардыгынан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу боюнча коркунучту сездик. Ошондуктан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин алгачкы күндөрүнөн тарта жазгы талаа иштерин тиешелүү деңгээлде жана өз убактысында жүргүзүү тапшырмасын койгом", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев дыйкандарда күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жабдуу техникаларды сатып алууда оорчулуктар болбошу керектигин баса белгиледи.

Жазгы талаа иштери жүргүзүлүп жаткан учурда. Архтив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал киргизилген Кара-Суу менен Ноокатта талаа иштери аяктап калды
"Өлкө азык-түлүк менен өзүн өзү камсыздашы керектигин баарыбыз түшүндүк. Айыл чарбасына болгон мамилени өзгөртүүгө убакыт келди. Айрыкча, бул импорттун ордун алмаштыруу саясатына тийиштүү. Өлкөдөгү абалга карабастан, дыйкандар жана фермерлер үчүн тоскоолдуктар болбошу керек. Жазгы талаа иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү абзел. Калктын азык-түлүк менен камсыз болушу, мамлекетти чыңдоо сиздердин эмгектен мурда болуп көрбөгөндөй көз каранды", —деди премьер-министр.

Ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жазгы талаа иштерин тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө конкреттүү тапшырмаларды берген.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Анын ичинен 216сы айыгып, жетөө каза болду. Ошондой эле 147 медицина кызматкери да оору менен алышууда.

Работа ЗАО Степное в Искитимском районе - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба техникаларынын тетиктерин саткан түйүндөр уюштурулду
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Мындан тышкары, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0