Коронавирусту дагы алты медик жуктуруп алды. Жалпы саны 140ка жетти

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЛабораториянын кызматкери коронавриска тест кармап турат. Архив
Лабораториянын кызматкери коронавриска тест кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактар боюнча алганда Жалал-Абад облусунда үч, Ош шаарында бир, Нарын облусунда жана Бишкек шаарында бирден ак халатчан вируска кабылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантинде эмгек өргүүгө чыгарылган медиктерге акы төлөнбөй турган болду
Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда үч, Ош шаарында бир, Нарын облусунда жана Бишкек шаарында бирден ак халатчан вируска кабылды.

Үсөнбаев кошумчалагандай, учурда 10 медициналык кызматкер айыгып чыгып, чекесинен жумуштарына кайтып жатышат.

Кечээ Бишкекте бир эпидемиолог жана Баткенде COVID-19 вирусун биринчи жуктурган жугуштуу оорулар дарыгери дагы сакайып чыкканы белгилүү болгон.

 

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 140 учур катталды. Алардын 39у дарыгер, 38и орто медициналык кызматкер, 23ү кенже медициналык кызматкер. Андан сырткары, IT адиси, ашканада жана административдик чарбада иштеген кызматкерлер бар.

Ушу тапта республикада абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0