БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Муфтият битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Битир-садаганын 2020-жылдагы өлчөмү (садага берүүчү адам көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан берем десе өз ыктыяры):
- Буудай (буудайдын баасы менен берем десеңиз) – 35 сом;
- Мейиз – 384 сом;
- Ун – 60 сом;
- Арпа – 54 сом;
- Курма – 512 сом.
Маалыматка ылайык, Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын, ундун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына барабар.
Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталат. Sputnik Кыргызстан Орозо календарын даярдады.