Муфтият быйылкы битир-садаганын баасын бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековБитир-садага берип жаткан адамдар. Архив
Битир-садага берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садага берүүчү адам көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан берем десе өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгарууга болот.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Муфтият битир-садаганын баасын бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Битир-садаганын 2020-жылдагы өлчөмү (садага берүүчү адам көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан берем десе өз ыктыяры):

  • Буудай (буудайдын баасы менен берем десеңиз) – 35 сом;
  • Мейиз – 384 сом;
  • Ун – 60 сом;
  • Арпа – 54 сом;
  • Курма – 512 сом.

Маалыматка ылайык, Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын, ундун, мейиздин же 3 килограмм 200 грамм арпа, курманын баасына барабар.

Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталат. Sputnik Кыргызстан Орозо календарын даярдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0