Ошто 16-апрелден тарта коменданттык сааттын убактысы өзгөрөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСитуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса
Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комендант Малик Нурдинов жазгы талаа жумуштарына жана күндүн узарганына байланыштуу жаңы буйрук чыгарган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ошто өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун комендатурасы билдирди.

Патрулдук милициянын кызматкерлери Оштогу коменданттык саат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачакей-жумакей ойнобогула! Ош коменданты кандай адамдар эреже бузарын айтты
Комендант Малик Нурдинов жазгы талаа жумуштары жүрүп жатканына жана күндүн узарганына байланыштуу коменданттык сааттын убактысын 16-апрелден тарта кечки саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин белгилөө боюнча буйрук чыгарган.

Буга чейин коменданттык саат 20.00дөн эртең мененки 7.00гө чейин киргизилген болчу.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн апрелдин аягына чейин узартуу боюнча жарлык чыгарган. Ага кошуп Нарын шаары менен Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0