Депутат өзгөчө абалдын мөөнөтүн орозо бүткөнгө чейин узартууну сунуштады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРасширенное заседание Комитета по бюджету и финансам Жогорку Кенеша
Расширенное заседание Комитета по бюджету и финансам Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын пикири боюнча, рамазан айында көп адам чогулгандыктан коронавирус дагы күч алып кетиши ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн орозо бүткөнгө чейин узартууну сунуштады.

Депутаттын пикири боюнча, рамазан айында адамдар бири-бирине каттап, көп адам чогулгандыктан коронавирус дагы күч алып кетиши ыктымал.

"Болжол менен 24-апрелде орозо башталат. Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Токтосунович коронавирустун туу чокусу 20-25-апрелге барат деп жатат. Бирок менин андан күмөнүм бар. Дүйнөлүк эксперттер майдын аягында, июнда гана чегине жетет деп жатат. Эми ал дагы биздин иштегенибизге жараша болот. Мүмкүн өзгөчө абалды орозо айы бүткөнгө чейин узартуу туура болоттур... Ачып жиберсеңер эл чогула баштайт да", — деди Казакбаев.

Медицинские работники в защитных костюмах осматривают оборудование в комнате для сдачи крови в больнице Жэньминь - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер келе турган болду
Эл өкүлү ушул маселени муфтият менен сүйлөшүп карап чыгууну сунуштады.

Ал арада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн апрелдин аягына чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Ага кошуп Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0