Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек

© AFP / THOMAS COEXСитуация в Франции в связи с пандемией коронавируса
Ситуация в Франции в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноокаттын ооруканасындагы бир дагы дарыгер коронавирусту дарылоодон баш тартпаганын айтат Асамидин Марипов. Ден соолугу чабал медиктерди илдет жуктургандардан өздөрү оолактатышкан.

Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповго байланышуу дээрлик мүмкүн эмес, бул күндөрү колу дегеле бошобойт. Кечки саат 9га жакын гана дарыгер Sputnik Кыргызстандын кабарчысы менен учкай маектешүүгө убакыт бөлдү.

— Алгачкы бейтаптарды сиздердин ооруканага алып келген учур эсиңиздеби? Аларды кабыл алууга кандай камылга көрдүңүздөр?

— Башта эч кандай кооптонуу болгон жок. Себеби биз мындай бейтаптарды дарылап көрбөгөндүктөн дарт канчалык оор өтөрүн билген эмеспиз. Сасык тумоо сымал эле деп ойлогонбуз. Кийин бул инфекция тууралуу көбүрөөк маалымат ала баштадык, бул бизди коронавируска абдан олуттуу кароого түрттү.

Ошентсе да мындай диагноз менен адамдар ооруканага түшө баштаганда медиктер дээрлик чочулабай деле калышты. Бейтаптардын көпчүлүгүнүн абалы дурус. 

© Фото / Пресс-служба ЖК КРОш облусунун Ноокат районундагы аймактык оорукананын директору, экс-депутат Асамидин Марипов
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык оорукананын директору, экс-депутат Асамидин Марипов

— Бүт дүйнө жүзүндө медиктер коронавирустан каза табууда. Сиз жетектеген ооруканада бейтаптарды дарылоодон баш тарткандар чыктыбы?

— Жок, биз Гиппократ антын бергенбиз да. Бирок саламаттыгында олуттуу көйгөйү бар дарыгерлерди биз өзүбүз аларга жакындатпадык.

— Бул чындап эле кадимки сасык тумоого окшош бекен?

— Жок, коронавирус — сасык тумоо эмес экени анык. Илдет жуктургандардын 90 пайызында белгилери дегеле байкалбайт. Башкача айтканда, вирус организмде бар, тестирлөөдө аныкталат. Мындай бейтаптар ооруну таратуучу болуп саналып, бирок өздөрү андан азап тартышпайт.

Балкондо турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек
Калган он пайызына киргендер ооруну абдан оор көтөрүшү мүмкүн, мында баары адамдын курагы, саламаттыгы жана тамактануу сапатына жараша өтөт. Бул учурда бейтаптын дене табы кескин көтөрүлүп, 40ка чыгышы ыктымал. Андан соң кыйноого салган кургак жөтөл башталат.

Экинчи суткада деми кыстыгып баштайт, абалы оорлошу мүмкүн. Ошондо бейтапты эч создуктурбастан жандандыруу бөлүмүнө которуп, аппаратка туташтыруу зарыл. Сиздерге белгилүү болгондой, мындай бейтаптардын өпкөсү жабыркайт, алар тынымсыз реанимациялык кароого жана кычкылтек алууга муктаж.

— Ушул тапта Кыргызстанда коронавирус 5 адамдын өмүрүн алды, бири сиздердин ооруканада дарыланыптыр. Ошол маркум бейтап боюнча айтып берсеңиз.

— Абдан улгайган киши болчу, кант диабетинен жапа чегип жүргөн, анамнезинде миокард инфаркты, В гепатити да байкалган. Бейтаптын иммунитети да өтө чабал экен, ошондуктан медиктердин аракетинен майнап чыкпады.

— Италиялык жана россиялык врачтардын айткандарына караганда, коронавируска кабылгандар жаны үзүлөрдө абдан кыйналат экен. Ушундайбы?

— Ооба, бул чын. Адамдын организминде катуу уулануу жүрөт, эгер эс-учунда болсо, анда абдан эле азап чегет. Мындай бейтаптардын бардык органдары акырындап иштен чыга баштайт. Андайда жанында дасыккан реаниматологдун болушу жана жаткан жеринин техникалык жактан жакшы жабдылышы өтө маанилүү. 

© Фото / предоставлено Асамидином МариповымМарипов: Башта эч кандай кооптонуу болгон жок. Себеби мындай бейтаптарды дарылап көрбөгөндүктөн дарт канчалык оор өтөрүн билген эмеспиз.
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Марипов: Башта эч кандай кооптонуу болгон жок. Себеби мындай бейтаптарды дарылап көрбөгөндүктөн дарт канчалык оор өтөрүн билген эмеспиз.

— Жаштардын салыштырмалуу коронавирусту жеңил көтөрөрү анык бекен?

— Бизде төрт жаш жана орто курактагы бейтап дарыланды, алардыкы катуу сасык тумоодой өттү. Кудай жалгап, аларды сакайтып алдык, ал эми 80 жаштан ашкан адамдарды дарылоо оор болууда.

Бизде коронавирус жуккан ымыркай да бар, кудай жалгап вирус анын саламаттыгына коркунуч туудурбаптыр. Наристе оорубайт, тек гана вирусту таратат.

— Коронавирустун дарысы болбосо, кантип дарылап жатасыздар?

— Бул илдеттин дарысы чындап эле жок. Эгер эч кандай белгилери болбосо, биз бейтаптын абалына тек гана байкоо салабыз, анан чыгарабыз.

Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуккандарды дарылаган врач: карантин сакталса вирусту 3-4 жумада жеңебиз
Дене табы көтөрүлсө, жөтөлүү, дем алуу кыйындаса, бейтаптын абалын жеңилдеткен аракеттерди көрөбүз. Мисалы, кээ бир учурда ВИЧке кабылгандарды дарылаган препараттарды пайдаланабыз. Алар жардам берет, бирок боор жана бөйрөккө терс таасир этет.

Айрым бейтаптар кычкылтек менен дарыланып жатышат. Мындай терапияны толук жүргүзө алабыз, биздин ооруканада бул багыттагы 50 аппарат бар.

— Жаш курагыңыз боюнча тобокел тобуна кирсеңиз да бейтаптарды текшерип жатасыз. Чочулаган жоксузбу?

— Жок, корккон жокмун. Ишке киришерден оболу медиктер илдетти жуктуруп албашы үчүн өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги боюнча атайын окуу өткөрдүк. Бизде баары: атайын костюмдар, бет кап, өтүк жана көз айнектер бар. Биздин оорукананын бир дагы кызматкери илдет жуктурган жок.

— Россиялык медиктердин маектеринен коргоочу костюмду кийүү өтө көп убакытты аларын окудум.

— Ооба, башта бизде заманбап коргоочу костюм жана бет каптар жетишсиз болчу, эски советтик кийимдерди пайдаланууга аргасыз болгонбуз. Байлай турган буугучтары сан жеткис. Аларды кийип иштеш да кыйын болду, аябай тердетет. Ал эми заманбап костюмдарды 2-3 мүнөттө кийүүгө болот! 

© Фото / Пресс-служба ЖК КРНоокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповго байланышуу дээрлик мүмкүн эмес, бул күндөрү колу дегеле бошобойт.
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Мариповго байланышуу дээрлик мүмкүн эмес, бул күндөрү колу дегеле бошобойт.

— Азыр сиздердин бейтаптарыңызга дээрлик бүт дүйнө көз салып турат, аларды биологиялык курал сымал көрүшүүдө. Алар бул мөөнөттү кандай өткөрүп жатышат?

— Мындай бейтаптар чындап эле абдан катаал тартипти сактоого тийиш: палатадан бейчеки чыга албайт, өзүнчө жайгашкан даараткана жана чайкануучу бөлмөсү бар, акыбалын сурап келгендер кире алышпайт.

Айрымдарынын көңүлү ооруп, чөгүп кеткени таң каларлык деле эмес. Жакында баары бүтөрүн, алар үйлөрүнө толук кандуу адам катары кайтарын түшүндүрүп айтып жатабыз.

— Сиздерге көмөктөшүү үчүн биз эмне кылуубуз керек?

Обследование на коронавирус жителей Владивостока  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктургандын баары эле жатып калбайт. Вирусологдун маеги
— Бул эң башкы суроо! Дартты дарылагандан көрө алдын алуу жеңил. Коронавирус илдетине кабылган бейтапты дарылоого ондогон эмес, миңдеген сом сарпталышы ыктымал. Алдын алуу алда канча арзан.

Үйдө отуруңуздар, колду бат-бат жууп туруңуздар, жеке тазалыкты сактаңыздар. Ушинтип гана өзүңүздү коронавирустан гана тургай, башка оорулардан да коргой аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0