Бишкектин жаңы конуштарында банктардын көчмө кассалары иштей баштады. Тизме

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПункт обмена валют
Пункт обмена валют - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Эне-Сай, Красностроительная конуштарында банктардын көчмө кассалары иштеп баштады.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектин бир катар жаңы конуштарында коммерциялык банктардын көчмө кассалары иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, банктардын көчмө кассалары ишин 10-апрелден тарта баштаган.

"Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Босого, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Эне-Сай, Красностроительная конуштарында көчмө кассалар иштеп жатат. Аларды "Керемет банк", РСК, "Кыргызстан АКБ", "Оптима банк", "Финка", "Доскредобанк", "Бакай банк" банктарынын кызматкерлери эртең мененки саат 10:00дөн 15:00гө чейин тейлешет", — деди Орозалиев.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Бишкек коменданты Орозалиев: дагы эки жума үйдө болушуңуздарды суранам
Эске салсак, 11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 жаңы учур катталды. Аны менен өлкөдө бейтаптардын саны 339га жетти. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 51 болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0