Коронавирус жуктургандардын арасында депутаттар дагы барбы? Министрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов к Жогорку Кенеше
Заседание депутатов к Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактын айрым колдонуучулары үч депутатка COVID-19 жукканы туурасында жазышкан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында коронавирус жуктургандар жок. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта үч депутатка COVID-19 жукканы туурасында жазылган.

"Жогорку Кеңештин депутаттарынан оорунун козгогучу аныкталган эмес. Бизде андай маалымат жок", — деди министр.

Кыргызстандагы коронавирус

Ситуация в Индонезии в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктуруп алгандар КРдин кайсы аймагында көп? Тизме
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0