03:57 28 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
153910

Өлкөдө багбанчылык менен алектенгендердин саны күн санап өсүп жатат. Анткен менен бул тармакта жетиштүү тажрыйба топтоп, элге кеңешин бере ала тургандар саналуу.

Кышы бою республиканын аймагын атайын кыдырып, багбандарга маалымат, кеңештерин берип келген Борбор Азия багбандар биримдигинин жетекчиси Абдулла Ташиев бак отургузуу, аны багуу жана пайда табуу боюнча Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берди.

— Жаз келип, коронавируска карабастан айдоо иштери башталды. Көчөт отургузууда эмнелерге маани бериш керек?

— Бак отургузам деген адам эң биринчи жерге анализ жүргүзүшү зарыл. Жердин вирусу жокпу, муну такташ керек. Эгер дарактын тамырына доо кетирип, айыкпай турган илдет болсо, аны дарылоо кажет. Витаминдерди берип, кальций, калий, азот, фосфору жетишпесе, ошонун баары менен камсыздап чыгышы зарыл. Ошондон кийин гана көчөт тандоого өтүш керек. Аны базардан, тамыры ачык турган жерлерден сатып алууга болбойт. Мындай көчөттөрдү эл 30 жылдан бери тигип келе жатат, андан пайда жок. Отургузула турган көчөттөр атайын ыңгайлашылган жерлерде сатылышы шарт. Ал жерде температурасы белгиленген көрсөткүчтө болуп, тамыры стерилдүү жайда жайгашып, тийиштүү сертификаты бар болушу керек.

— Биздин өлкөнүн климатына карап эмнелерди отургузса болот?

— Алма багын кеңейтүүнү каалагандар кышкы сортторунан редшив, голден делишес жана гренни смит, ал эми жайкы алмадан эрли женева жана гала мастты отургузушса жакшы болот. Мындан тышкары, чиеден (гилас) кордия, бигарро бурлат, саммит, регина, кара өрүктөн ажелино жана стенли, өрүктүн фаралия, шалах сорттору жегиликтүү, мөмөлүү болот. Ошондой эле алмуруттан вильямс, конференция сорттору биздин шартка туура келет. Шабдалынын нектарин сорту абдан пайдалуу.

Мөмөлүү бактарды ар  ким аймагындагы климатка жараша дагы тандап, отургузуш керек. Мисалы, Чаткал, Чоң Алай, Ат-Башы, Түп сыяктуу тоолуу аймактарда алмалар гүлдөгөндөн кийин үшүк жүрүп кетиши ыктымал. Натыйжада, багбандар чыгымга учурап калышы мүмкүн. Ошондуктан тоолуу райондордо бадалдууларды тиккенге аракет кылуусу зарыл. Мисалы, карагаттын жашап кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Азыр Польшадан анын тизел, анан тибел деген сорттору келген. Эгерде жер шордуу болсо, крыжовник (борсулдак) тигиш керек. Анын базардагы баасы 150 сомдон түшпөйт. Абдан пайдалуу болот.

— Буларды отургузгусу келгендер көчөттөрдү кайдан ала алат?

— Бул маселе дагы абдан көйгөй жаратып келет. Чындыгында Кыргызстанда жакшы, сапаттуу көчөт чыгарган питомниктер аз. Ошондуктан биз "Багбанчылыкты өнүктүрүү" деген коомдук фонд түзгөнбүз. Анын жардамы менен каражат топтоп жатабыз. Ага лабораториясы, административдик имараты, 200 гектар жери жана 20 гектар күнөсканасы менен көчөт чыгара турган ишкана ачалы деген пландар бар. Учурда анын долбоору даяр. Буга мамлекет дагы көмөк көрсөтө турганын билдирүүдө. Оюбуз ишке ашса эл сапаттуу, жакшы көчөттөр менен камсыз болот эле. Акчаны болсо элден алдын ала тапшырык (заказ) менен жыйнап жатабыз.

Башкача айтканда, кимдир бирөө алма алам деп 75 сом кошсо, кийин долбоор иштеп баштаганда ага алманын бир көчөтү берилет. Ал эми ага чейин багбандарыбыз көчөттү Россиядан алса болот. Ал жакта "Роспотребнадзор" текшерип тургандыктан, сапатуу көчөттөр сатылат. 1-2 гектар же андан ашык аянтка бак отургузууну пландап жаткандар тандаган көчөттөрүнүн үлгүсүн алып келип, мамлекеттик карантин кызматынан вируска текшертип алуусу зарыл. Ошондо гана зыянга учурабай ишкерлик кылууга мүмкүн болот. Себеби, вирусу бар көчөттөр өспөй калат. Көктөп чыкса дагы 3-4 жылда куурап калышы ыктымал. Мисалы, бир гектар жерге 1700 алманын көчөтү батат. Аны азыркы орточо баа 230 сомдон эсептесек, 350 миң сом болот. Айланасын тосуп чыгууга 150 миң сом каражат кетет. Мындан тышкары, 200 миң сомго тамчылатып сугаруу системасы орнотулат. Ошондо 700 миңден бир миллион сомго чейин каражат сарпталат. Анан ал 2-3 жылдан кийин куурап калса, багбан банкрот болуп калышы ыктымал. Ошондуктан бул ишке киришерде илимге таянып иш кылуу зарыл. Көчөт тандоодон адашпай, жерди туура даярдоо шарт.

— Жерди даярдаш үчүн эмнелерди колдонуш керек? Азыр жер семирткичтерден баш айланат эмеспи?

— Айта кетүүчү жагдай, химиялык жер семирткичтерди эч качан колдонбош керек. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда учурда чоң лаборатория курулуп жатат. Анда өстүрүлгөн продукцияны текшергенде нитраты бир шкала жогору болсо, же тыюу салынган препараттар курамынан чыгып калса, чек арадан өткөрүлбөйт. Натыйжада экспортко чыгаруу мүмкүндүгү жок болуп, дыйкандар пайдадан кол жууп, ал тургай зыянга учурашы ыктымал. Ошондуктан илгерки ата-бабаларыбыз колдонгон ыкмага өтүү зарылдыгы келип чыкты. Чиринди, компост же болбосо сөөлжанды пайдаланыш керек.

Дүйнөдө азыр "старатель" жана "калифорниялык" деген сөөлжандын эки түрү жакшы натыйжа берет. Бир килограмм сөөлжан күнүнө бир килограмм кык жеп, 600 грамм биогумус чыгарат. Анда тийиштүү болгон заттардын баары бар. Көп жылдан бери азот колдонулуп, бузулган жерге жети тонна биогумус төксө, өз калыбына келе баштайт. Кийинки жылы үч, андан кийин эки, анан төртүнчү жылы бир тонна биогумус пайдаланса, жер дайыма түшүм бере тургандай абалга жетет. Ал эми азыр биогумустун ордуна колдонулуп жаткан азотту жыл сайын көбөйтүп бериш керек болот. Ошентип отуруп айрым фермерлер бир жарым тоннага чейин азот берип жатышат. Натыйжада алар өстүргөн жер-жемиштер элдин ден соолугуна зыянын тийгизип жатат.

Анан өсүмдүктү дарылоодо сөзсүз химикаттарды колдонуш керек дегендер бар экен. Жок, андай эмес. Мисалга адырда өсүп жаткан жапайы алмага эч ким химикат сеппейт. Бирок жылына түшүм берет. Анткени табият ошого ыңгайлашкан. Жалбырактары жерге түшүп, чирип, компост болуп калат. Алардан тийиштүү микрофлора пайда болуп, өсүп жатат. Мына ошондой жагдайды айылдарга, шаарларга алып келишибиз керек. Мисалы, алманын көрүнүшү начар болгону менен анын ичи таза. Ширесин сыгып ичсе пайдалуу. Азыр толугу менен химикаттан баш тарта турган убакыт келди. Ал эми жанагы пестицид, фундицид, грибицид дегендин баары уу. Аны менен өстүрүлгөн өсүмдүктөр жалтырап, жакшынакай көрүнгөнү менен ар кандай илдеттерге алып келиши ыктымал.

— Көчөттү отургузуп жатканда кандайдыр бир ыкмаларды колдонуу керекпи?

— Бак отургузарда тамырын өлчөп көрүү зарыл. Мисалы, тамырдын диаметри 30 сантиметр болсо, аны тереңи 70, туурасы 60 сантиметрлик чуңкур казып анан отургузуш керек. Мында көчөттүн тамырынын жайылышына мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени катуу жерге тамырдын жайылышы оор. Анан жаңы отургузулган көчөткө суудан бөлөк эч нерсе бербеш керек. Кээ бирлер азот, селитра сээп жатышат. Бул кичинекей балага сүт бербей, бешбармак бергендей эле кеп. Ошондуктан суудан гана өксүк кылбаш керек. Анан кийинки жылы биогумус сээп, кам көрө баштаса болот.

Тема боюнча

Касымов: жүзүмдү башка мөмө-жемиш өспөгөн жерге отургузуу керек
Ташиев: жерди биогумус менен семиртсе продукциясы таза болот
Ташиев: көчөттү көчөдөн, базардан эч качан сатып албаш керек
Белгилер:
жер семирткич, көчөт, багбан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ