Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш жолдоруна жол чырак менен камералар коюлду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолду көзөмөлдөөчү камера. Архив
Жолду көзөмөлдөөчү камера. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын 14-январында кыргыз-тажик чек арасында делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жолугушуусу өтүп, анда протоколго кол коюлган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын автоунаа жолдорунун кесилишине жол чырактар жана байкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кечээ, 2-апрелде, Баткен районунун Жака-Өрүк тилкесинен өткөн Баткен — Исфана унаа жолу менен Тажикстандын Исфара — Ворух жолунун кесилишине төрт жол чырак орнотулуп бүттү.

Өткөрмө пункт Достук унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасынан жүк эки пункттан гана өткөрүлмөй болду
Ал эми Баткен районунун коңшу өлкө менен чектешкен Ак-Сай жана Көк-Таш айылынын аймактарына көзөмөл үчүн бир нече видеокамера коюлган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-январында кыргыз-тажик чек арасында "Кызыл-Бел " жана "Гүлистон" көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жолугушуусу өткөн.

Анда тараптар чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, айрым чыр-чатактарга так жана туура анализ жүргүзүү максатында эки өлкөнүн чектеш аймактарына жол чырактарды жана байкоо камераларын орнотууну макулдашып, протоколго кол коюшкан. Бул ишти Баткен менен Согди облустарынын башчылары Алишер Абдрахманов менен Раджоббой Ахмадзода аткармай болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0