22:57 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.7979
  • EUR88.1334
  • RUB1.0976
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1820)
26201

Премьер-министр мекендештерге өзгөчө абал эрежелерин түшүнүү менен кабыл алып, аны сактап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Мамлекет эч кимди көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбайт. Жардамга муктаж жарандардын бардыгын азык-түлүк менен камсыз кылабыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү катышкан кеңешмеде айтканын маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жеткирүү иши башталганын айтты.

"Өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргенине бир жума болду. Көпчүлүк жарандарда тамак-аштын запасы бар. Бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө азык-түлүктүн запасы азаюуда. Биз мындай көйгөйгө кабылган ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен тез аранын ичинде тизмени кайра карап чыгып, дыкат талдоо жүргүзүшү керек", – деди Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, Бишкек шаары боюнча азык-түлүктүн 35 миң топтомун таркатуу пландаштырылууда.

"Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө ар дайым үй-бүлө курамын эске алуу керек. Өкмөт жарандарга тамак-аштын тийиштүү көлөмүн бөлөт. Көмөк көрсөтүү механизми ачык-айкын жана натыйжалуу болушу керек. Бардык тийиштүү каражаттар жетиштүү өлчөмдө бөлүнөт", – деди өкмөт башчы.

Ал мекендештерге өзгөчө кырдаал эрежелерин түшүнүү менен кабыл алып, аны сактап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле тез арада кадимки жай турмушка кайтуу үчүн ар бир адам өз ишин мыкты аткаруусу керектигин кошумчалаган.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1820)

Тема боюнча

Жээнбеков Европа кеңешинен коронавирус менен күрөшүүгө жардам сурады
Коронавирустун балдар үчүн кооптуу жактарын дарыгер санап берди
ИИМ: “Кудайбергенде” бирөөнү жамбашка тепкен киши милиционер эмес
Белгилер:
премьер-министр, азык-түлүк, жардам, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ