Өкмөт өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ун менен камсыз кылат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЯрмарка по продажи муки в Оше
Ярмарка по продажи муки в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн бардык аймактарындагы үй-бүлөлөргө ун жеткирүү иши Өзгөчө кырдаалдар, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өкмөт аз камсыз болгон жарандар жана үй-бүлөлөрдү ун менен камсыз кылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бул үчүн мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун чыгарылат.

"Өлкөнүн бардык аймактарындагы үй-бүлөлөргө ун жеткирүү иши Өзгөчө кырдаалдар, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү. Өкмөт калктын аярлуу катмарын камкордуксуз калтырбайт жана бардык резервди мобилизациялайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн атынан медицина кызматкерлерине жана муктаждарга жардам берген ишкерлерге, ыктыярчы уюмдарга ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 44кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0