13:51 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (413)
254 0 0

Чет элдик жаран Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан болчу. Азыр ал үй карантинине жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте обсервацияда жаткан франциялык жаран инсультка кабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта бейтапка тийиштүү дарылануу дайындалганы айтылат.

"Чет элдик жаран Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан болчу. Ден соолугунун абалы боюнча чет өлкөлүк жаранга атайын медициналык чараларды жүргүзүү талап кылынган. Ага МРТ жасалгандан кийин ТИМдин жардамы жана жакындарынын сурануусу боюнча үй карантинине жөнөтүлдү", — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен обсервацияда жаткан 2014 адамдын теңинен көбү үй карантинине чыгарылып, 585 адам гана калган.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (413)

Тема боюнча

Бишкекте каттоосу жок жарандар бир шарт менен көчөгө чыга алат
Коменданттык саат учурунда капысынан көчөдө калса эмне болот? Жооп
Коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлерге айтылган алкыш
Белгилер:
инсульт, коронавирус, Франция

ЭҢ МААНИЛҮҮ