Коронавирус: жаңы 26 учур кайсы аймактарда аныкталганы айтылды

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүОруукананы дезинфекциялоо учурунда. Архив
Оруукананы дезинфекциялоо учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардыгы болуп Ош облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 11 учур катталды. Ооругандардын арасында үч бала бар.

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам кайсы аймактардын тургундары экенин Республикалык штабдан билдиришти.

Төмөндө район, шаарлардын тизмеси келтирилген:

  • Сузак районунда — 9
  • Ала-Бука районунда — 2
  • Ош шаарында — 1
  • Кара-Суу районунда — 8
  • Ноокат районунда — 6

Бардыгы болуп Ош облусунда 15 жана Жалал-Абад облусунда 11 учур катталды.

Эске салсак, бүгүн, 24-мартта, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Алардын арасында үч бала бар. Ушуну менен өлкө аймагында илдетке кабылгандардын саны 42ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0