БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек шаарына батыш тараптан кирип келе жатканда, унаа базары тарапта бир нече чакырымга созулган тыгын пайда болду. Видео Sputnik Кыргызстандын Telegram каналына жүктөлдү.
Ал жакка коюлган карантиндик постто шаарга кирип келе жаткан жана чыгып бара жаткандардын дене табы текшерилүүдө. Ошондой эле документтерди карап, айдоочулардан сапарынын максатын сурап жатышат.
Эске салсак, COVID-19 вирусунан улам Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланган.