Экөөнүн абалы оор. Коронавирус жуктурган 14 кишинин саламаттыгы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентр лечения патологии почек в Бишкеке
Центр лечения патологии почек в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор болуп жатканы айтылды. Алардын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, жөтөлүп атышат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган эки кишинин абалы орточо оор, калган бейтаптардыкы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул туурасында Республикалык штабдын жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Эске сала кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 14кө жетти. Алардын алтоо эркек, сегизи аял экени маалым.

“Эки бейтаптын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, жөтөлүп жатканы айтылды. Вирусту өткөрүп жибербөө үчүн бардык дарылоо жолдору көрсөтүлүп жатат. Ал эми калган 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, — деди Акматова.
Коронавирус Кыргызстанда

Вспышка африканской чумы свиней в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга дагы канча санитардык-карантиндик пост орнотулары айтылды
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Бишкектин эки, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 14кө жетти. Мындан улам өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0